p Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

18-декабрь, 1940-жылы Фашисттик Германия СССРге кол салуу үчүн “Барбаросстун планын” иштеп чыккан

Дүйнө
"Барбаросс планы" (Ыйык Рим империясынын императору Фридрих I Барбаросстун атынан) - СССРге каршы фашисттик Германиянын согуш планынын шарттуу аталышы. Согуш жолу менен СССРди жок кылуу, империализм менен фашизмдин бүткүл дүйнөгө өзүнүн бийлигин орнотуу программасынын эң маанилүү бөлүгү болгон. 
Гитлердин 1940-жылы 21-июлдагы буйругу боюнча, СССРге каршы согуш ачуу планын даярдоо милдети кургак жердеги аскерлердин башкы командачылыгына тапшырылып, Башкы штабынын башчысы, генерал-полковник Ф.Гальдер иштеп чыккан. Анын акыркы варианты 1940-жылы 5-декабрда бекитилген. Планда советтик аскерлердин негизги бөлүгүн Днепр жана Батыш Двина дарыясынын батыш тарабында талкалоо, андан соң Москва, Ленинград, Донбассты басып алып, Архангельск-Волга-Астрахань линиясына чыгуу каралган. Москваны басып алууга бөтөнчө маани берилген. Бул планды жүзөгө ашыруу үчүн фашисттер 1941-жылы 22-июнга карата СССРдин чек арасына 5,5 миллиондон ашык адам, 3712 танк, 47 260 ар түрдүү атуучу курал жана миномёт, 4950 согуш учагын топтошкон. Бирок "Барбаросс планы" ордунан чыкпай калган. Ага СССРдин саясий-экономикалык күч-кубатын, советтик элдердин моралдык-саясий биримдигин фашисттик саясатчылардын жеткире баалабагандыгы, фашисттик Германиянын мүмкүнчүлүктөрүн ашыра баалоолору себеп болгон. 
  (85 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: