p Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

23-декабрь, 1799-жылы орус сүрөтчүсү Карл Брюллов туулган

Дүйнө
Орус сүрөтчүсү Карл Брюллов (айтылуу “Помпейдин акыркы күнүнүн” автору) Санкт-Петербург шаарында туулган. Карл Павлович Брюллов - орустун таланттуу жана көрүнүктүү искусство адамы. Ал Петербургдагы Сүрөтчүлөр академиясында А.И.Иванов жана А.Е.Егоровдун устаканасында окуйт. Атасы жыгачка сүрөт түшүргөн уста-сүрөтчү болгон. К.Брюллов 1823-1825-жылдары Италияда жашап, 1936-жылдан тартып Петербургдагы Сүрөтчүлөр академиясында профессор болуп иштеген. Кийин 1849-жылдары Модера аралында жашап, ошол эле 1850-жылы кайра Италияга кеткен. Анын мындай саякаттоолорунун себеби да ошол кездеги орустун сүрөт искусствосундагы классицизмдин терс көрүнүштөрүн четке кагуу болгон. Анткени ал өзүнүн эмгектеринде турмушту жана дүйнөнү романтикалык багытта чагылдыруу менен орустун сүрөт искусствосундагы реалисттик ыкмаларды көздөгөн. Брюлловдун искусствосу өзүнүн эмоционалдык күчү менен адам адамдын сулуулугун даңазалоо, ошондой эле турмуштагы драмалык кагылышуулардын ачык образдарын тартуу менен айрымаланып турат. Анын алгачкы кездеги жараткан "Италиядагы чак түш" (1827), "Вирсавия" (1832) аттуу сүрөттөрүндө эле жаратылышты жөпжөнөкөй, өзүнүн көрүнүшүндөй жандуу тартуу менен ойдун так берилишине жеткен. Сүрөтчүнүн негизги чыгармалары болгон "Помпейдин акыркы күнү" аттуу сүрөтүндө шаардын талкаланышын көрсөтүү менен өзүнүн каармандарынын ушунчалык мээримдүү экенин тартып келет да, алардын баары бир ошол шаарга туш келген жаратылыштын алааматынан акыры кайтыш болушарынан бери ачып көрсөтөт. Бул романтикалык негизде тартылган чоң полотнонун түпкү мааниси ошол жылдары Европадагы эркиндик үчүн болгон эл күрөшүнүн басылышы баяндалган. Орус живописинин тарыхына классикалык чыгарма катары кирген бул сүрөт Брюлловду ошол кездеги атактуу сүрөтчүлөрдүн катарына кошкон. Ал сүрөтчү-живописчи гана болбостон, портретчи да болгон. Анын жараткан ондогон портреттери жана романтикалык полотнолору ушул кезге чейин Москванын, Санкт-Петербургдун жана башка шаарлардын көрүнүктүү музейлеринде сакталып турат. К.П.Брюллов 1852-жылы дүйнөдөн кайткан.  (226 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: