p

27-сентябрь, 1968-жылы Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев туулган

Кыргызстан
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев  Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылында туулган.
1992-жылы Томск мамлекеттик университетинин “инженер-химик” адистиги боюнча, 1999-жылы Кыргыз улуттук университетинин “юрист” адистиги боюнча аяктаган.
Камчыбек Ташиев 1987-1989-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1993-жылы эмгек жолун “Мээрим-Ай” өндүрүштүк-коммерциялык фирмасын негиздеп жана жетектөө менен баштаган.
1995-жылдан 2000-жылга чейин “Томас” өндүрүштүк-коммерциялык фирмасынын башкы директору болуп иштеген.
2000-2002-жылдары “Элет-Кенч” көп тармактуу айыл чарба кооперативи башкармалыгын жетектеген.
2002-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчисинин жардамчысы, ал эми 2003-2005-жылдары Ленин районун мамлекеттик администрациясында раймамадминистрациянын башчысынын орун басары, биринчи орун басары болуп иштеген.
2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана суу ресурстары боюнча комитетинин төрагасы болуп дайындалган.
2007-жылдын ноябрынан 2009-жылдын декабрына чейин - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу, кийин министр болгон.
2010-жылдын декабрынан тартып 5-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланып, “Ата журт” депутаттык фракциясынын лидери болгон.
Ал эми 2013-жылдын 20-августунда Борбордук шайлоо комиссиясы “ата журтчу” депутат Камчыбек Ташиевди депутаттык мандатынан ажыраткан.
  (57 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: