p Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

15-декабрь, 1890-жылы Индейлердин хункпапа уруусунун кол башчысы Татанка Ийотаке өлтүрүлгөн

Дүйнө
Индейлердин хункпапа уруусунун кол башчысы Татанка Ийотаке (“Жерде отурган бука” деп которулат) өлтүрүлгөн. Татанка Ийотаке АКШнын куралдуу күчтөрүнө каршы чыккан түпкүлүктүү элдеринин башында турган.
Аны бала кезинде Хункешни (бошоң) деп аташкан. 14 жашында элдин душманына колу менен тийгени үчүн атасы ага ысым берген. 
1876-жылы 25-июнда сиу жана шайенн индей уруулары биргеликте Татанка Ийотаке башчысы болуп генерал Кастердин кавалериясын талкалашкан. Бул окуядан кийин индейлерди кыра башташкан. Индейлер ар кайсы жакка качышып, Татанка Ийотаке уруусу менен Канадага кеткен. Бирок кайра 1881-жылы кайтып келип, колго тушүп берүүгө мажбур болгон. Ал Рэндэлл фортунда 3 жыл өткөрөт. Эркиндикке чыккан соң көтөрүлүшкө даярдык көргөн. 
1890-жылы сиу уруусунда "Пляска духа" мессиандык культунун жактоочулары көбөйгөн. Уруу башчыларын камакка алуу чечими чыгып, камакка алуу маалында каршылык көрсөтүлүп, Татанка Ийотаке индей полициясынын сержанты Красный Томагавк тарабынан атылып өлтүрүлгөн. 
  (135 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: