p Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

16-декабрь, 1986-жылы Казак ССРинин борбору Алматы шаарында Совет өлкөсүнө каршы козголоң чыгып, ал тарыхта “Желтоксан окуясы” деп аталып калган

 
Дүйнө
Казак ССРинин борбору Алматы шаарында Совет өлкөсүнө каршы козголоң чыккан. Алматыда өткөн козголоң Совет мамлекетинин пайдубалына доо кетирип, ага кирген улуттук республикалардын эгемендикке болгон умтулуусу күч алган, ал окуя акыры СССРдин кулашына себеп болгон.
Тарыхта ал окуя – “Желтоксан”, же казактардын Декабрь көтөрүлүшү деп аталып калган. Казак жаштарынын коммунисттик системге каршы уюшулбастан, кокустан козголуп чыгышы адегенде, социалдык маселелерге байланыштуу болгон. 1986-жылдын август айында Совет бийлиги “эмгектен тышкары кирешеге каршы күрөш” деген компанияны баштап, анын бир кесепети Алматы шаарындагы батир берүүчүлөргө жана студенттерге тийген. Күзгү окууга келген казак жаштары батир таппай, алардын көпчүлүгү көчөдө калган. Ага кошумча Москва Казакстан компартиясынын биринчи катчылыгына Г.Колбинди дайындашы, ансыз да чайналып турган жаштардын нааразычылыгын жараткан. Адегенде жаштар “Жашасын лениндик улут саясаты!”, “Ар бир калкка - өз жетекчиси!” деген саясий ураандар менен көчөгө чыгышкан. Декабрь айынын 17-18-күнү демонстранттарды таркатуу үчүн “Метель” аттуу аскер операциясы даярдалып, Алматыга аскер киргизилип адам өмүрү кыйылган алаамат башталган.
  (39 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: