p Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

16-декабрь, 2009-жылы Журналист Геннадий Павлюктун Казакстандагы ооруканалардын бирине өтө оор абалда жеткирилгендиги тууралуу маалымат тараган

Кыргызстан
“Белый пароход” интернет басылмасынын журналисти Геннадий Павлюктун Казакстандагы ооруканалардын бирине өтө оор абалда жеткирилгендиги тууралуу маалымат тараган. Журналист бир апта ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө эсине келе албай жатып, жарык дүйнө менен кош айтышкан.
Ибрагим Рустамбек аттуу псевдоними менен белгилүү Геннадий Павлюктун денеси 16-декабрда Алматыдагы Фурманов көчөсүнөн орун алган көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан табылган. Ошол эле күнү ММКларда журналист алтынчы кабаттан буту-колу байланган абалда ыргытылганы жөнүндө шектүү маалымат тараган. Казакстандын тартип коргоо органдары журналистке кол салуу боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин жүргүзгөн. Кыргызстандык укук коргоочулар жана саясатчылар журналисттин өлүмүн анын кесиптик ишмердиги менен байланыштырышкан. Журналисттин сөөгү 24-декабрда Чолпон-Ата шаарында жерге берилген. 
Г.Павлюк “Аргументы и факты – Кыргызстан”, “КП в Кыргызстане” гезиттеринде баш редактор болуп иштеп, “Белый пароход” интернет-басылмасында да эмгектенген.
  (16 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: