Чаткал районунун Красная Горка - Ак-Таш унаа жолуна кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылды
Жалал-Абад облусундагы Чаткал районундагы Красная Горка - Ак-Таш унаа жолуна кар көчкү түштү. Мындан улам жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 15:30 чамасында болжол менен 300 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылды. Учурда Райондук жарандык коргонуунун транспорт кызматы (ЖЭМ-2) тарабынан 1 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылып, аталган жерде тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















