Бишкекте турак үйлөрдүн биринен улгайган аялдын жансыз денеси табылды
Бишкектин Саратов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 59 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, 11-февралда кошуналары каза болгон жарандын үч күндөн бери сыртка чыкпай калганын байкап, милицияга маалымат беришкен. Милиция кызматкерлери ичинен кулпуланып турган үйдү ачып киришип, 1956-жылы туулган үй ээсинин жансыз денесин табышкан. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















