Сузак районунда “Милициянын жаш досу” аталышындагы кароо-сынак болуп өттү
Сузак районунда “Милициянын жаш досу” аталышындагы кароо-сынак болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, сынактын максаты - райондогу окуучулардын арасындагы ар кандай укук бузуулардын алдын алуу жана мекенчилдикке тарбиялоо, милиция кызматкерлери менен өспүрүмдөрдүн ортосундагы байланышты чыңдоо.
Ушундай эле сынак Жалал-Абад облусунун бардык шаар, райондорунда өтүүдө. Сынактын жеңүүчү командалары 4-мартта облустун биринчилигине ат салышат.
Автор: Бекжан Рыскулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















