Чүй облусунда жер алдындагы суулар көтөрүлүп, турак жайларга коркунуч жаратты
Чүй облусунда жер алдындагы суулар көтөрүлүп, турак жайларга коркунуч жаратты. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы Маевка айыл аймагынын Маевка айылында 14-февралда саат 09:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Садовая көчөсүндө жер астындагы суу көтөрүлүп, айылдын 10го жакын турак үйдүн короосун жана чарбалык курулуштарын суу каптап кеткен. Суунун кесепеттерин жоюу боюнча ӨКМнын №1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагынан 1 экскаватор тартылып, 251 метр арык салынды. Жасалган жумуштун көлөмү 200 куб метр жана 2 жабык дренаждан суулар сордурулуп алынды. Кырсыкты жоюу жумуштары улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















