Кыргызстан менен Орусиянын тышкы иштер министрлери телефондон сүйлөшүштү
Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров телефондон сүйлөшүштү. Сүйлөшүүдө кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды. "Тараптар быйылкы жылдын 3-апрелинде Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына байланыштуу маселелерди талкуулашты",- деп билдирет ТИМдин маалымат кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:39
2025-11-25
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
1
1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















