Кудайберген Базарбаев коомдук-саясий чөйрөдө аялдардын ролу жогорулап жатканын айтты
Бүгүн, 25-февралда социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева кыргыз өлкөсүндөгү аялдардын улуттук форумун өткөрүү боюнча маалымат жыйын өткөрүштү. Базарбаев 2010-жылдан бери өлкөдөгү аялдардын коомдогу саясий ролу жогорулап жатканын билдирди. Анын айтымында, 2010-жылы өлкөдө оор абал түзүлүп турганда бир топ лидер аялдар коомду өзгөртүү үчүн өздөрүнө милдеттерди алышып, өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүшкөн. "Учурда бир катар лидер аялдар жогорку кызматтарда отурушат. Мындан 3-4 жыл мурун мындай болорун күткөн эмеспиз. Бул аялдардын коомдогу саясий ролунун өскөнүнөн кабар берет",- деди Базарбаев.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Фото: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:39
2025-11-25
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















