super.kg logo
  Спорт  

Эрежесиз эр уруш мелдешинде Актилек Жумабек уулу атаандашын ута алган жок

 
Актилек Жумабек уулу - Данияр Бабакулов
Актилек Жумабек уулу - Данияр Бабакулов
Актилек Жумабек уулу - Данияр Бабакулов
Актилек Жумабек уулу - Данияр Бабакулов
Актилек Жумабек уулу - Данияр Бабакулов
Актилек Жумабек уулу - Данияр Бабакулов
Актилек Жумабек уулу - Данияр Бабакулов
Актилек Жумабек уулу - Данияр Бабакулов
Актилек Жумабек уулу - Данияр Бабакулов
Актилек Жумабек уулу - Данияр Бабакулов
Актилек Жумабек уулу - Данияр Бабакулов
Актилек Жумабек уулу - Данияр Бабакулов
Актилек Жумабек уулу - Данияр Бабакулов
Актилек Жумабек уулу - Данияр Бабакулов
Актилек Жумабек уулу - Данияр Бабакулов
Актилек Жумабек уулу - Данияр Бабакулов
Актилек Жумабек уулу - Данияр Бабакулов
Бакыт Бекбоев - Хусан Баратов
Бакыт Бекбоев - Хусан Баратов
Бакыт Бекбоев
Калыс жана Хусан Баратов
Бакыт Бекбоев - Хусан Баратов
15-мартта Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эрежесиз эр уруштун “Эр таймаш ММА” версиясы боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. 6 өлкөнүн (кыргыз өлкөсү, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия жана Грузия) спортчуларынын катышуусундагы мелдеште 11 эл аралык рейтингдик беттеш болду. Бул беттештер аяктаган соң 2 супер беттеш күндү жыйынтыктады. Кыргызстандык спортчулар Актилек Жумабек уулу менен Данияр Бабакуловдун беттешине жана жердешибиз Бакыт Бекбоев өзбекстандык Хусан Баратовдун беттешине токтолобуз. 
77 килограмм салмакта. Актилек Жумабек уулу - Данияр Бабакулов 

Актилек менен Даниярдын беттешүүсүн бул спорт түрүнүн кыргыз жеринде пайда болуп, ири мелдештер өтүп келгенинен кабары барлардын баары күткөн. Себеби эки мушкер тең жеткиликтүү деңгээлде абройго ээ. Көптөн күтүлгөн беттеш атаандаштардын бири-бирин сыноосу менен башталды. Бутка "жакшы жүрүп" (рингде өзүн алып жүрүүдөгү жогорку чеберчилик), колу менен сокку узатканды мыкты өздөштүргөн Данияр чабуулду уюштуруп жатты. Ал эми сол буту менен мыкты тепкени менен өзгөчөлөнгөн Актилек атаандашынын чабуулун күтүп, каршы чабуул уюштуруп жатты. Кези келгенде Актилек атаандашын алгач бөйрөккө, анан эки-үч ирет бет талаштыра тепкенге үлгүрдү. Бирок Данияр соккуга туруштук берүү менен атаандашын колу менен таамай муштаганга жетишип жатты. 3 раундда атаандаштар болгон күчүн жумшап, мыкты беттеш тартуулашты. 3 раунд аяктаганда калыстар жеңүүчүнү аныктоо үчүн кошумча бир раунд бермек болушуп, бирок уюштуруучулардын кийлигишүүсү менен мушкерлердин тең чыкканын жар салышты. 

84 килограмм салмакта. Бакыт Бекбоев  - Хусан Баратов 

Өзбек спортчусу өз кезеги келгенге чейин жердештерин 8 бурчтукка коштоп чыгып, алардын кандай мушташуусу керектигин айтып турду. Анын 8 бурчтук сыртында кылган аракеттеринен улам жеңиш үчүн баарын кылууга даяр экенин баамдоого болот эле. Бирок 8 бурчтуктун ичине кирген соң ал бир катасы менен кыргыз спортчусуна утулуп калды. Бакыт Бекбоев атаандашы менен кармашып, жерде ыңгайлуу абалды күтүп жатышты. Ошол учурда Б.Бекбоев атаандашынын бутун кармап турса, атаандашы буга карабай аны бетке чаап жатты. Ошол учурда кыргыз спортчусу Х.Баратовдун бутун чоюп, беттешти мөөнөтүнөн мурун өз пайдасына чечип алды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(11)
16.03.2015. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабакулов красавчик. Алга Кыргызстан
16.03.2015. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыңар!
16.03.2015. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыңар Ошондо Бабакулов каяктын атынан чыкты
16.03.2015. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ. толук видеосун жуктоп койунуздарчы сураныч. анан ноябрьда болгон ММА толук версиясын кайдан корсок болот???? рахмат
16.03.2015. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurik-77788, саламатсызбы!
Таап жүктөгөнгө аракет кылабыз. Ал эми ноябрьда болгон ММА толук версиясын көрүү боюнча маалыматыбыз жок экен.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-03-16 10:10:09
16.03.2015. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабакулов Данияр кучту болчу.
16.03.2015. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
видеосу качан чыгат

16.03.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Актилекке тартып коюшкан окшойт уюштуруучулар. Суротто Бабакуловтун чаабулдары корунуп турат. Ошентседа экоотен кыргыз болгону учун тен чыкканы деле жакшы болуптур Бабакулов азамат мыкты спортчу коп жолу желегибизди желбиретти. Бабакуловдо тажрыйба коп себеби ал Оруссияда ММА, ProFProFCлерде чемпион болгон жана 10мыкты спортчунун катарына кирет. Азамат Данияр ийгилик сага!
Модератор admin_portal түзөттү 2015-03-16 14:29:31
16.03.2015. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабакулов кучтуу спортчу канчалаган чечендерди уктаткан
16.03.2015. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
видеолор болсо кошуп койосуздарбы
18.03.2015. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстанда не камера жокбу канча бой болду видеосу жок уйуштуручулар ошолжагында карап койсонуздар бутундой эл коруп турат элего
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: