Ысык-Көл. Бала бакчанын имараты шаарга кайтарылды
Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин
окумуштуулар Кеңешинин чечими менен окуу жайга тиешелүү аскер кафедрасы жайгашкан мурдагы бала
бакчанын имараты шаардын балансына кайрадан өткөрүлүп берилди.
Бул тууралуу маалыматты вице-мэр Көлбай Карасартов
билдирди. Анын
айтымында, имарат 200-300 орундуу бала бакчага ылайыкталган. Аны оңдоп-түзөп, бөлмөлөрүн
ыңгайлаштырууга көп каражат талап кылынары турган иш. "Бала бакчаны ишке киргизүү маселеси 2013-жылдын бюджетине киргизилип, оңдоп-түзөөгө
кетүүчү чыгымдары чечилсе, бул бакча бөбөктөрдү келерки жылда кабыл алып калат",- дейт вице-мэр.
Автор: Айзат Анарбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
1
1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















