Залкар Абдыразаков: “3-октябрдагы митингде депутат Талант Мамытовду коопсуздук кызматкерлери урганын көргөм”
“3-октябрдагы митингде депутат Талант Мамытовду Ак үйдүн коопсуздук кызматкерлери тепкилеп урганын өз көзүм менен көргөм”. Бул сөздү бүгүн, 15-февралда өтүп жаткан сотто депутат Талант Мамытовдун коомдук кеңешчиси Залкар Абдыразаков билдирди. Айтымында, окуя болгон күнү ал Ак үйдүн түндүк тараптагы эшигинен чыгып келе жатып, депутаттын ур-тепкиге алынып жатканын көргөн. “Депутатты коопсуздук кызматкерлери капталдан уруп, ал жыгылып калган учурда бети-башына тепкилеп жатканын көрүп, "бул ЖКнын вице-спикери, депутат урбагыла" деп кыйкырдым. Ага карабай алар тепкилеп жатышты. Мен келип ажыратып, аны Ак үйгө киргиздим, бирок бизди чыгарып салышты”,- деди Абдыразаков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















