Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда кырсыкка кабылган унаанын ичинен 2 жашар баланын күйгөн денеси табылды
Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы Кырчын жайлоосунда кырсыкка кабылып, күйүп кеткен унаанын ичинен 2 жашар баланын денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, I62-29B мамлекеттик номерлүү Москвич-412 автоунаасы жолдо баратып кырсыкка кабылып, унаа толугу менен күйүп кеткен. Унаанын ичинен 2012-жылы туулган баланын күйгөн денеси табылган. Унааны башкарып бараткан баланын атасы аман калганы кабарланды.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















Ананьеводо...