"Ата Мекен" фракциясы өкмөт башчылык кызматка Темир Сариевдин талапкерлигин жактырды
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы өкмөт башчылык кызматка экономика министринин милдетин аткаруучу Темир Сариевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу 29-апрелде SUPER.KG порталына депутат Ташполот Балтабаев билдирди. Анын айтымында, фракция мүчөлөрү жалпы бир добуштан колдоого алышты. "Фракция жыйынында бир гана Темир Сариевдин талапкерлиги каралды. Башка талапкерлердин тизмеси киргизилген жок",- деди Балтабаев.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айта кетсек, өкмөт башчылык кызматка Сариевден башка биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Тайырбек Сарпашев, өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронбаев жана Бишкек шаарынын экс-мэри Иса Өмүркуловдун талапкерлиги сунушталып жатканы айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:39
2025-11-25
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















