Жалал-Абад. 9-Май майрамына карата жаштардын демилгеси менен көчөлөрдү тазалоо иш-чарасы болду
Бүгүн, 8-майда Жалал-Абад шаарында тазалык акциясы өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын
вице-мэри
Т.Темирбаев, шаардык мэриянын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитети, шаардагы бардык жогорку, орто окуу жайларынын студенттери
жана жооптуу мугалимдер катышты. Акциянын алдында студенттерге атайын
акыр-чикир топтоочу баштыктар жана кол каптар, суусундуктар таратылды.
Мэриядан кабарлашкандай, акция 9-Май майрамына карата Жалал-Абад шаарынын жаштарынын атынан согуштун ардагерлерине тазалыкты белек кылуу максатында уюштурулду. Бул иш-чара жаштар тарабынан сунушталып, ишке ашырылды. Чогулгандар "Курорт" санаториясынан баштап "Эркиндик" аянтына чейинки жайды акыр-чикирден арылтышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
Medina87
08.05.2015. 16:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар! Жагымдуу белек экен.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















