Хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугунда Канада курамасы Орусияны ири эсепте утуп, чемпион аталды
1-17-май аралыгында Чехиянын Прага шаарында шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугу болуп өттү. Тарыхта 79-ирет уюшулуп жаткан мелдештин финалында Канада курамасы Орусияны ири эсепте утуп, чемпион аталды. Бул тууралуу эл аралык маалымат булактары кабарлайт. Маалыматка ылайык, финалдык беттеште 6:1 эсеби катталып, Канада чемпиондукту татыктуу камсыздай алды.
Кошумчалай кетсек, Канада ушуну менен өз тарыхында 25-ирет Дүйнө чемпиону аталып отурат. Орусиялыктар Дүйнө чемпиондугун 2014-жылы утуп алышкан. Мелдеш жыл сайын өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
2
2

Супер-Инфо
super.kg видео

















17-майда ойношту