“Барселона”, ПСЖ, “Зенит” жана “Бенфика” футболдук клубдары өз өлкөлөрүнүн чемпиондугун камсыздашты
16-17-май күндөрү бир катар Европа өлкөлөрүнүн лигаларында бир канча команда мөөнөтүнөн мурда чемпиондукту камсыздашты.
"БАРСЕЛОНА" футболдук клубу (Испания)
*
Испания чемпиондугунда “Барселона” чемпион болору 36-турда эле билинген. Анда “Барсанын” чемпиондук үчүн башкы атаандашы “Реал” өз үйүндө “Валенсия” менен тең ойноп, упай жоготкон. “Барселонанын” оюнчулары 37-турда өткөн сезондогу чемпион “Атлетико” менен ойноп, 1:0 эсебинде утуп алды (голду Лионель Месси киргизди). Мелдеш болсо дагы бир турдан кийин жыйынтыкталат.
*
Орусиянын Премьер-Лигасынын бүтөрүнө 2 тур калды. 28-турда Санкт-Петербургдун “Зенит” клубу өз
үйүндө “Уфа” менен тең ойноп (1:1), мөөнөтүнөн мурда чемпиондукту камсыздады. Бул
команда тарыхында өлкө биринчилигин 4-ирет утту.
ПСЖ футболдук клубу (Франция)
*
Франциянын чемпиондугун ПСЖ
клубу 37-турда “Монпелье” менен болгон оюнда камсыздады. Париждик клуб атаандашын
конокто жер каратып, 3-ирет өлкө чемпиону аталды (өз тарыхында 5-ирет).
"БЕНФИКА" футболдук клубу (Португалия)
*
Португалиянын
биринчилигинде 33-турда лиссабондук “Бенфика” эң жакынкы атаандашы “Портуну” 3
упай артка калтырып, чемпиондукту камсыздады. Жыйынтыктоочу 34-турда “Порту” 3
упай алып, атаандашына упай айырмачылыгында теңелсе да, гол катыштыгы жагынан чемпиондукту
камсыздоосу мүмкүн эмес.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео

















