Жалал-Абад. Президент Көк-Жаңгак шаарчасында аскердик бөлүмдүн ачылыш аземине катышат
Президент Алмазбек Атамбаевдин Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары уланууда. Бүгүн, 26-майда Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад шаарында болуп, жергиликтүү бийлик жетекчилери менен жолугушту. Президент сапарынын алкагында Көк-Жаңгак аскердик шаарчасындагы 52870-аскердик бөлүмдүн ачылыш аземине катышмакчы. Салтанаттуу иш-чара өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев, коргоо министри Абибилла Кудайбердиев жана журналисттердин катышуусу менен өтөт.
Автор: Наргиза Бекжанова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:39
2025-11-25
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















