Каржы министрлиги: 2014-жылы жергиликтүү бюджеттин жалпы кирешеси 16 миллиард сомду түздү
Кыргыз мамлекетинде 2014-жылы жергиликтүү бюджетке түшкөн кирешелердин жалпы суммасы 16 миллиард 62 миллион сомду түздү же план 99,6 пайызга аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Каржы министрлигинен билдиришти. Мурунку жылга салыштырмалуу былтыр жергиликтүү бюджеттин кирешеси 1 миллиард 582 миллион сомго көбөйгөнү айтылды. "Салыктык кирешелерден 11 миллиард 693 миллион 700 миң сом түштү. Мурунку жылкыга салыштырмалуу 1 миллиард 265 миллион 700 миң сомго көп",- деп билдирет мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:39
2025-11-25
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















