Баткен облустук администрациясына кылмыш иши козголду
19-февралда Башкы прокуратура Баткен облустук администрациясына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чарада Баткен облусунун администрациясы 2010-жылы бюджеттен бөлүнгөн 10 миллион сомду мыйзамсыз колдонгондугу билинген. Бул акча өкмөт тарабынан аймактагы миграция маселесин чечүү үчүн бөлүнүп берилген, бирок облустук администрация ал акчага мыйзамсыз жол менен кымбат баадагы кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган. Бул аракеттер боюнча учурда иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:13
2025-08-14

9:59
2025-08-14
16:59
2025-08-13

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.