Кыргызстанда дагы бир вице-премьер-министрлик кызмат түзүү сунушталууда
"Өкмөт Кыргызстандагы чек ара маселелерин чечүү үчүн дагы бир вице-премьер-министрлик кызмат түзүүнү сунуштоодо." Парламенттин 21-февралдагы жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ушундай маалымат билдирди. Айтымында, дагы бир вице-премьер-министрдин кызматын түзүүнү Сох окуясы чыкканда ЖКдагы бардык эле фракциялар сунуштаган. “Коңшу мамлекеттер бул тармакты көзөмөлдөөнү вице-премьер-министрге тапшырган. Алар "чек ара маселесин чечүүдө вице-премьер-министрдин деңгээлиндеги адамдар менен иш алып барабыз" деп жаткандыктан, дагы бир вице-премьер-министрлик кызмат түзүү зарылчылыгы келип чыкты”,- деди Сатыбалдиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















