Жайыл районунда өрт чыгып, анын кесепетинен 3 адам жабыркады
Жайыл районунда өрт чыгып, анын кесепетинен 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 08:54тө Жайыл районунун Новониколаевка айылындагы турак үйдөн өрт чыккан. Анда 48 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган турак үйдүн чатыры жана 8 чарчы метр жыгачтан курулган жайкы үй толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1973-жылы туулган С.А.Гуляева, 1999-жылы туулган Е.А.Гуляева жана 2012-жылы туулган Е.Р.Гуляев денелеринен күйүк алышып, ооруканага жеткирилишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















