Алайда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
Бүгүн, саат 16:08 чамасында Алайда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Көк-Суу айылынан түштүк-батышка карай 5 чакырым, Нура айылынан түндүк-батышка карай 16 чакырым жана Эркеч-Там айылынан түндүк-батышка карай 18 чакырым аралыкта орун алган. Калктуу конуштарда жер силкинүүнүн күчү 3-3,5 баллга жеткен. Кыйроолор жана жаракат алгандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















