Ысык-Ата районунда жол кырсыгы болуп, 2 адам каза тапты
22-февраль күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жол кырсыгы болуп, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматкери Айбек Арзиматов билдирди. Кырсык Бишкек-Торугарт унаа жолунун 40-чакырымында орун алып, анда Фольксваген унаасы менен Мерседес үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. 1980-жылы туулган Фольксвагендин айдоочусу У.З. жана аталган унаадагы 43 жаштагы жүргүнчү С.А. окуя болгон жерден каза тапкан. Мындан сырткары 3 адам аймактык ооруканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:13
2025-08-14

9:59
2025-08-14
16:59
2025-08-13

10:24
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.