super.kg logo
  Спорт  

Америка Кубогунда Парагвайдын футболчулары Бразилияны утуп, жарым финалга чыгышты

 

28-июнга караган түнү Чилиде Америка Кубогунун акыркы черек финалдык беттеши орун алды. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, анда Парагвайдын футболчулары Бразилия курамасы менен кез келип, жарым финалдык жолдомону жулуп кетишти. Оюндун негизги убактысы 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады. Анда Робиньо 15-мүнөттө бразилиялыктарды алдыга чыгарса, парагвайлыктардан Дерлис Гонсалес 72-мүнөттө эсепти теңеди. Жыйынтыгында командалар жеңүүчүнү пенальтилер сериясында аныкташты. Анда парагвайлыктардын пайдасына 4:3 эсеби катталды. 

Чейрек финалдык беттештердин жыйынтыгы:   

24-июньЧили Уругвай - 1:0

25-июньБоливия Перу - 1:3

26-июньАргентина Колумбия - 0:0 (пенальтилер сериясында - 5:4)

27-июньБразилия – Парагвай - 1:1 (пенальтилер сериясында - 3:4)

Жарым финалдык оюндар:

30-июнь: Чили – Перу

1-июль: Аргентина - Парагвай






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.06.2015. 07:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каери тура эмес? 4:3 же ылдый жагыбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: