Чүйдө унаа бакка урулуп, 3 жүргүнчү каза тапты
Чүй облусунун Жайыл районундагы Федоровка айылында 27-июнда саат 21:35 чамасында Гольф-3 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа даракка урулган (мамлекеттик номуру С 32 42 N).
Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге ӨКМнын №22-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, унаага кыпчылып каза болгон адамдын денесин чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүшкөн. Жабыркагандар "Тез жардам" кызматы аркылуу Жайыл райондук жандандыруу бөлүмүнө жеткирилишкен. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(8)
make2
28.06.2015. 20:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба бак туура эмес дарак туура болот
make2 түзөттү 28.06.2015 20:42
don_quixote
28.06.2015. 21:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмнеге бак десе болбосун? Дарактын синоними.
Izdeim_seni.
28.06.2015. 21:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай окуя жазылып аткандан кийин бакбы,даракбы унчукбай эле олтурсанар. 3 адам каза болуп жатса,уят да эми.
kobra86
29.06.2015. 09:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Izdeim_seni., кыргызча так жазалбаган озу уят !!!
Medina87
28.06.2015. 22:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болсун. Жаракат алгандарга тезирээк айыгып кетуулорун каалайм.
Boldukan86
28.06.2015. 23:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле дарак десе болотго. Бак дегенде коп даракты элестетесин ал эми дарак десе бир даракты. Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун откондордун.
nelya88
29.06.2015. 09:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумурткадан кыр издетип эле койсо
Kroxa
30.06.2015. 01:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакпы даракпы айырма жок,,,,кара кырсыкты каш кабактын ортосунда жаткан жерлери жаннаттан болсун....
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















