Жогорку Кеңеште депутаттар Равшан Жээнбеков менен Акылбек Султанов мушташып кете жаздашты
Акылбек Султанов

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси талкууланып жатат. Айрым депутаттар Сооронкулованы парламентке чакырууну талап кылышты. "Судья парламентке келип, эмне үчүн кызматтан бошотулганы жатканы тууралуу депутаттардын суроолоруна жооп бериши керек. Эгер ал кызматтан мыйзамсыз кетирилип жатса, анда аны сактаганга аракет кылалы. Эгер баары туура болсо, анда ошого жараша чечим кабыл алалы",- деди депутат Равшан Жээнбеков.
Төрага Асылбек Жээнбеков буга каршы болду. "Сооронкулованы кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин да, Конституциялык палатанын да чечимдери бар. Ошондуктан аны чакыруунун кажети жок",- деди төрага.
Добуш берүүгө келгенде Р.Жээнбеков "Конституциялык палатаны бузуп жатасыңар!" деп кыйкырып, залда ызы-чуу жаралды. Депутат Акылбек Султанов Равшан Жээнбековду сыртка "сүйлөшүүгө" чакырып, экөөнүн ортосунда мушташ чыгып кете жаздады. Депутаттар ортого түшүп токтотуп калышты.
Добуш берүүдө залда тополоң болгонун, Сооронкулованы кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесине депутаттар жетиштүү добуш бере албай калганын айткан төрага буга добуш берүүнү эртеңки жыйынга калтырды. Добуш берүүдө аталган судьяны кызматтан бошотууга жетиштүү 80 добуш берилген жок.
Айта кетсек, Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулова буга чейин "жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо Конституцияга каршы келет" деген пикирин айтып, бул кызуу талкууга түшкөн.
Жогорку Кеңештин депутаттары бири-бирине бакырып, мушташа кетейин дешти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
2

