Төрага Жээнбеков депутат Жээнбековду "келесоо" деп атады
Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков депутат Равшан Жээнбековду "келесоо" деп атады. Жыйында Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча маселе талкууланып жаткан. Депутат Жээнбеков Сооронкулованы жактап, анын парламентке келип маалымат берүүсүн талап кылып жаткан. Төрага мындай сунушка каршы чыгып, маселени добушка киргизди. Андан кийин депутат жыйында ызы-чуу салып, өз оюн бербей депутат Акылбек Султанов менен мушташып кете жаздады. Төрагага да кайрылып, "сен" деп сүйлөгөнүнөн: "Сенсиребечи, ээ, келесоо! Сенсиресең ушундай сөз угасың",- деп жооп кылды.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Жогорку Кеңештин депутаттары бири-бирине бакырып, мушташа кетейин дешти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
-1

