super.kg logo

Бишкекте согушчандар жайгашкан үй 12 күн мурун үй-бүлөлүү жаранга ижарага берилген

 

Бишкекте согушчандар жайгашкан үй 12 күн мурун үй-бүлөлүү жаранга ижарага берилген. Бул тууралуу бүгүн, 20-июль күнү атын атагысы келбеген үй ээси SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, эки кабаттуу үй үстүбүздөгү жылдын 4-июль күнү үй-бүлөлүү, 25 жаштагы жаранга “Площадь” кыймылсыз мүлк агенттиги аркылуу ижарага берилген. 

Ал эми эки кабаттуу үйдүн жанында жашаган Раиса Василенко ал үйдө кимдер жашап жатканынан кабары жок экенин, бирок кичинекей баланын ыйлаганын укканын айтты.

Ал күнү кечке маал 17 жаштагы сиңдим жана эки балам менен үйдө болчубуз. Эч кандай эскертүүсү жок эле аскер кызматкерлери короо жактан тиги үйдү аткылап киришти. Эптеп көчөгө чуркап чыктык. Эки тараптуу атышуунун натыйжасында үйүбүз толугу менен күйүп кетти. Мамлекет тарабынан ар кандай жардамдар көрсөтүлөт деп жатышат”,- дейт Раиса Василенко.

16-июлдагы атышуудан улам үйү толугу менен күйүп кеткендердин бири Иван Заряев да мамлекет тарабынан компенсация төлөнүп берилсе дейт.

Учурда үй-бүлөм тууганымдыкында жашап жатат. Эми аныкы деле өтө чоң үй эмес. Анын да үй-бүлөсү бар. Кышка чейин эртерээк үйдү салып бүтүрсөк жакшы болот эле”,- дейт Иван Заряев.

Айта кетсек, 16-июлда Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрү кесилишкен жерде куралчан согушчандар менен атышуу болгон. Андан "Альфа" атайын кызматынын 4 жоокери жаракат алып, согушчандардын бешөө өлтүрүлгөн. Ал эми 7 адам кармалган. Алар "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү экендиги жана алардын башында казакстандык кылмышкер Жанболот Амиров турганы аныкталган. Кылмыштуу топ 17-июль - Орозо айт күнү эл көп топтолгон жерлерде жана Кант шаарындагы Орусиянын аскердик базасында жардыруу уюштурууну пландашкан. Аскердик базаны жардырып, андагы куралдарды алууну көздөшкөн.

Ал эми бүгүн согушчандардын иши боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакунов кармалды. УКМКнын билдиришинче, экс-депутаттын Бишкекте кармалган террористтер менен түздөн-түз байланышы бардыгы аныкталып, атышууда каза тапкан Тариэл Жумагуловго (каймана аты - Тоха) акча берип, террордук топту курал менен камсыздаган. 






УКМКнын согушчандарды жок кылуу операциясы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
20.07.2015. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чын эле ИГИиЛ булар эми ишендим жанакы депутат болуп кеткен сооройдун кылганы ушу болсо сак бололу
20.07.2015. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул жерде шайлоого карата бир саясый иш бар.
Медиа-портал
20.07.2015. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап эле игил экен шайлоо башталганда байтайбыз деп жатышкан окшойт эле. Мундай бааржокто эле болуп жатпайбы туркияда деле жардыруу болдуго. Буго шайлоонун тиешеси жок. Биздин балдарга ийгилик кыргыз элин капа кылдырышпаса эле болду.
20.07.2015. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
шайлоо алдында рклама
Медиа-портал
20.07.2015. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ишене албай жаттым эле,ушул курал жарактарды коруп алып отуруп калдым ойлонуп.Чындап куч органдандары эрдик кылышкандай.
21.07.2015. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай кор.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: