Түркиядагы 30 адамдын өмүрүн алган терактты 18 жаштагы кыз жасагандыгы айтылууда



Түркия менен Сириянын чек арасынан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан маданий борбордогу терактта 18 жаштагы кыз өзүн өзү жардырып салган. Ал эми террордук акт болгон жердеги күбөлөр эки адам өзүлөрүн жардырганын билдиришүүдө.
Маалымат расмий тактала элек, бирок бийликтегилер жардырууну "Ислам мамлекетинин" өкүлдөрү жасашы мүмкүн экендигин болжолдошууда. Окуя болгон жерден чогулган далилдер адам өзүн өзү жардырганынан кабар бергенин Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглуга шилтеме берип 21-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кечээ, 20-июлда Суруч шаарындагы маданий борбордун алдындагы жардырууда 30дай жаран набыт болгон. Дагы 100дөй жаран жаракат алган. Жардыруу Сирияда террористтерге каршы күрөшүп жаткандарга жардам жөнөтүү үчүн чогула турган жерде болгон.
Түркиянын Суруч шаарында болгон теракт 20.07.2015
Түркиядагы теракт 30дай адамдын өмүрүн алды 20.07.2015 (Нерви жукаларга болбойт!)


Журоктун ушун алган терористтер.
Видеолорду көчүрүп алууну кааласаңыз төмөндөгү шилтемелер менен өтүңүз:
http://www.super.kg/media/uservideo/145723/
http://www.super.kg/media/uservideo/145719/