super.kg logo
  Саясат  

“Бир бол” партиясы "Бир бол-Ысык-Көл" улуттук ат оюндарында кыргыз жарандарын бир болууга, дайым ат жалында биринчи болууга чакырды

 

25-июлда Чолпон-Ата шаарынын ат майданында “Бир бол” партиясы "Бир бол-Ысык-Көл" аттуу Кыргыз Республикасынын облустарынан келген спортчулардын арасында жана элибиздин белгилүү каскадёрлорунун коштоосунда улуттук ат оюндары боюнча чоң мелдеш өткөрдү. Улуттук оюндары жөн гана кан кызыткан оюн эмес, ал бүтүн улуттарды бириктирүүчү күчкө ээ экенин 8 миңден ашуун чогулган, жык-жыйма толгон ат майданы тастыктады.

Оюндун уюштуруучуларынын бири, "Бир бол" партиясынын Саясий кеңешинин мүчөсү Жаныбек Бакчиев: "Кыргыздар бекеринен "элүү жылда эл жаңы" деп айтышпаса керек. Мында элдин философиясы камтылган, себеби 50 жылда элдин өзү, маданияты жаңыланат",- деди. Ж.Бакчиев жаштарга жарандык сезимдерди, Ата Мекенге болгон сүйүүнү, анын улуу тарыхына сыймыктануу сезимин, бүгүнкүсүнө жана келечекке болгон үмүтүн жандыруу, арттыруу маанилүү керектигин айтты. Ошондой эле: “Кыргыз эли күчтүү салтынан улам, Ата Мекенге болгон сүйүүсү жана берилгендигинен муундарга эң баалуу тажрыйбасын калтырып, сактап келген. Бүгүн биз аны улантып жатабыз”,- деди. 

"Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны" демекчи, бул ата салтын кылымдар бою ата-бабаларыбыз карманып келишсе, бүгүн аны улантып жатабыз",- деп "Бир бол" партиясынын Саясий кеңешинин мүчөсү Мурат Жакыпбаев белгилеп өттү.

“Биздин максат – өз тамырын, тарыхын унутпаган, келечекке умтулган күчтүү жана өнүккөн улут болуу. Улуттун күчтүү жана алдыга умтулган жаштары бар болсо, демек, биздин келечегибиз кең!”- деди Марат Султанов.

“Бир бол-Ысык-Көл” иш-чарасынын негизги максаты – каада-салтыбызды сактоого салым кошуу, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, сергек жашоого үгүттөө, Кыргыз Республикасынын биримдигин бекемдөө. Спорт дайым элди бириктирүүчү күч болуп келген. Ысык-Көлдө ат оюндарын өткөрүү менен биз буга өзгөчө маани бердик”,- деди Акылбек Жапаров

Аскар Шадиев"Ысык-Көл - жөн гана атактуу, ажайып жер эмес, ал кыргыз өлкөсүнүн жарандарын бириктирүүнүн символу. Ал бардык мекендештерибиздин сыймыгы болгон, өзүнө тарткан борбор болуп саналат",- деди. Анын сөзүн улай Нурлан Токоноев"Ысык-Көл өсүп келе жаткан муундар үчүн патриоттук тарбия берүүнүн борбору болушу керек",- деп белгилеп, ат оюндарын өткөрүүгө салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.

“Бир бололу, ат жалында дайыма биринчи бололу!”- деп Алтынбек Сулайманов кыргыз өлкөсүнүн жарандарын бир болууга, биримдикке чакырды. Мыктыбек Абдылдаев көрүүчүлөргө: “Бир бол-Ысык-Көл” унутулгус оюндардан болоруна үмүт артып, биздин биримдик жана ынтымак жеңишке жетсин”,- деди.

Улуттук ат оюндары көрүүчүлөрдүн кол чабууларына, алкыштарына арзыды. Мелдештин соңунда жеңүүчүлөргө баш байгеге коюлган 4 автоунаа тапшырылып, алар акчалай сыйлыктарга да ээ болушту. “Бир бол-Ысык-Көл” улуттук ат оюндары каскадёрлордун шоу, кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосундагы концерт жана КВН командасынын оюну менен аяктады.

“Бир бол” партиясы тууралуу кененирээк бул жакта... 


кошулду





"Бир бол" партиясы Ысык-Көлдө улуттук ат оюндарын өткөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: