Малайзиялык журналисттер саякат соңунда кыргыз жерине "бейиштей жер" деп баа беришти
Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановдун кыргыз өлкөсүн таанытуу максатында чакыруусу менен 6 кишиден турган малайзиялык журналисттер тобу 24-июлда Бишкекке келген. Конокторду аэропорттон тосуп алып, алар Бишкек шаарынын чок ортосундагы "Park Hotel" мейманканасына жайгаштырылган.
Саякат башталды... Журналисттер эртеси Чүйдөгү “Бурана” тарыхый комплексине, Ысык-Көлдүн кооз жерлерине саякатташты. Баса, конокторду тосуп алууда Ысык-Көлдөгү "Каприз" пансионатынын кызматкерлери да "өнөрүн" көрсөтүштү. Журналисттерди коштоп жүргөн кыргыз жарандарын аталган жайдын аймагына киргизбейбиз дегени аз келгенсип, номерлерге деп берилген ачкычтары туура келбей конокторду абдан убара кылышты. Мейли, андан ары...
Делегация 27-июлда Ысык-Көл аймагындагы Чоң-Ак-Суу капчыгайына барды. Конокторду асман тиреген карагайлар, таза аба жана тунук суу абдан кызыктырды. Жергиликтүүлөрдөн салт-санаа сүрүштүргөн журналисттерге кыргыздын кыз ала качуу салты чоң жаңылык болду. Президент менен баарлашуу
29-июлда малайзиялык журналисттер менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусу орун алды. Интервью учурунда мамлекет башчы кыргыз жериндеги туризм тармагы, өлкөдөгү дин маселеси, бардык тармакта мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикирин айтты. Президент эки тараптуу мамилелерди, биринчи кезекте соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү алаканы күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Жолугушуу соңунда малайзиялык өкүлдөр делегациянын атынан президентке белек тартуулашты.
Бишкек, комуз, каада-салт...
Малайзиянын борбору Куала-Лумпурга салыштырмалуу жупуну көрүнгөнү менен, Бишкек шаарындагы жапжашыл бак-дарактар, абанын тазалыгы, эстеликтер коноктордун кызыгуусун жаратты. Борбордук "Ала-Тоо" аянтында, Өчпөс отто жана башка көрүнүктүү жерлерде болушту. Кечинде "Супара" этнокомплексинде болушуп, кыргыздын нукура өзгөчөлүгүн көрүштү. Аларга комуз менен кыргызча ырлар аткарылып, улуттук тамак-аштын түрү тартууланды.
Малайзиялыктарга кыргыз өлкөсү кандай таасир калтырды?
Малайзиядан келген журналисттер тобу бүгүн, 30-июлда кыргыз жериндеги саякатын жыйынтыктап, маалымат жыйын өткөрүштү. Коноктор кыргыз жеринин кооздугу суктандырганын бир ооздон белгилешти. Малайзиялык "Bernama" маалымат агенттигинин телеоператору Хайрул Икван: "Кыргыз мамлекетинин жаратылышынын кооздугу таң калтырды, фотоаппаратка тартылган ар бир пейзаж открыткадай. Кыргыз жерине келерден мурун өлкө тууралуу интернеттен маалымат издеп, сүрөттөрдөн бул өлкөнүн канчалык кооз экенин билгем. Жаратылыштын көркөмдүгүн өз көзүм менен көргөндө таң калдым. Кыргыз жери фотограф үчүн жердеги бейиш экен",- деп билдирди.
Малайзиялык "Media Prima" медиамекемесинин TV3 телеканалынын оператору Ахмад Азиз бин Эднан да жаратылыштын кооздугуна баш ийгенин айтат. "Кыргыз мамлекетинде фотограф жакшы кадрды тартууга аракеттенбей, тескерисинче, пейзаж өзү фотограф үчүн иштеп берет экен. Мындай жерден начар кадр тартууга мүмкүн эместигине ишендим. Сүрөттөр эч кандай эффекттердин жардамысыз эле укмуш болуп чыкты",- деген пикирин билдирди телеканалдын кызматкери.
"The Star" медиахолдингинин фотокабарчысы Онг Сун Хин кыргыз мамлекетиндеги сулуулукка тойбой калганын жашырган жок. "Куала-Лумпурга барарым менен жетекчиликтен мени кайрадан кыргыз жерине жөнөтүүнү суранам. Бул жердеги тоолорго абдан таасирлендим",- дейт ал.
Малайзиялык конокторду кыргыз мамлекетинин табияты, маданий өзгөчөлүктөрү таасирленткенин алардын ар бир сөзүнөн байкоого мүмкүн болду. Аларды биздеги адамдардын жашоо образы да кайдыгер калтырбаптыр. "Bernama" маалымат агенттигинин редактору Суриати Сануси кыргыз өлкөсүндө жашоо жайбаракат жана бейпил экенин белгиледи. "Балким, бизге ушундай көрүнгөндүр, анткени убактыбыздын көбү Ысык-Көлдө өтүп, шаардын турмушун көрө алган жокпуз. Менин байкашымча, бул жерде адамдар бири-бири менен баарлашуудан рахат алышат экен. Үй-бүлө мүчөлөрү да жакшы сырдашарын байкадым",- деген журналист кыргыздар эт менен нанды көп жеп, чайды көп ичерин кошумчалады.
TV3 телеканалынын журналисти Азария Тагайа кыргыз жериндеги жаныбарлардын көптүгү суктандырганын айтты. "Мен жаныбарларды жакшы көрөм. Ысык-Көлгө баратканда жолдун боюнда эле жайылып жүргөн жылкылар менен койлорду көрдүк. Абанын тазалыгы да укмуш экен. Анан да талаада же тоодо мөмө байлаган дарактардын эч ким кам көрбөсө деле өсө бергени жакты. Каалашыңча алып жей берсең болот, бизде мындай нерсе жок",- деди Тагайа.
"The Star" медиахолдингинин журналисти Ох Чин Энг кыргыз өлкөсүндө туризм тармагынын кызматкерлери сервиске көңүл бурушу керектигин белгиледи. Коноктор Бишкекке жаңы келгенде мейманкана сервисин сындаган элек. Демек, бул кемчилик малайзиялык журналисттерге да байкалыптыр. Коомдук жайларда эл аралык стандарттарга жооп бере турган ажатканалардын санын көбөйтүүнү сунуштады. Кыргыз жеринен байкаган өзгөчөлүктөрү тууралуу журналист буларды айтты: "Адамдар абдан сулуу экен. Менин байкашымча, мырзалар бою узун жана чымыр денелүү келишип, бирок көп жылмайышпайт экен".Журналисттер бүгүн кечинде Малайзияга сапар алышат.
Кыргызстан малайзиялык журналисттердин көзү менен
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















