super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Кыргыз мамлекетинин тарыхында жаңы барак ачылды"

 
"Кыргыз мамлекетинин тарыхында жаңы барак ачылды",- деп билдирди өкмөт башчы Темир Сариев кыргыз-казак чек арасындагы бажы бекеттери алынгандан кийин журналисттерге. Сариев Кыргыз Республикасы ЕАЭБге мүчө катары төрт эркиндикке ээ болуп жатканын айтты. "Бул эркиндиктер - жарандардын, кызмат көрсөтүүнүн, капиталдын жана товарлардын эркин жүгүртүлүүсү. Биздин жарандар эми ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары катары биримдикке кирген өлкөлөргө эркин кирип-чыгышат. Эми өлкөбүздүн экономикасы өсүп, элге ыңгайлуу шарт түзүлүп, күч-кубаттуу, эгемендүү мамлекет болуп, ошол эле убакта орус, казак, армян, беларусь эли менен тыгыз кызматта болушубуз керек",- деди Сариев. 
Айта кетсек, бүгүн, 12-августта кыргыз өлкөсү ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуп, кыргыз-казак мамлекеттеринин ортосундагы бажы көзөмөлү алынды. 





Т.Сариев: "Кыргыз мамлекетинин тарыхында жаңы барак ачылды"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: