Торкент-Сары-Камыш унаа жолу бир тараптуу ачылды
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Торкент-Сары-Камыш жолунун бир тараптуу ачылганын билдирди. Жолду тазалоо үчүн ӨКМнын Сары-Камыш айылындагы 12 ыктыярдуу куткаруучусу жана бир бульдозер иштеп, унаалардын кыймылына мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эске салсак, 28-февралда аталган жолдун154-чакырымына көлөмү 1800 метр куб жер көчкү түшкөн. Тазалоо иштери бүгүн, 1-мартта улантылып жатканы кабарланды.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















