Бишкектин окуучулары Эл аралык музыкалык форумга катышышты












Бишкектин окуучулары Эл аралык музыкалык форумга катышышты. Муну бүгүн, 16-сентябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, №4-балдар искусство мектебинин окуучулары Бишкек мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын колдоосу менен Румыния, Венгрия жана Сербияда өткөн Эл аралык музыкалык форумга катышып келишти. Ансамбль эл аралык фольклордук сахнада "Шериктеш", "Акыя", "Ала-Арча", "Ысык Көл" жана "Кара жорго" бий композицияларын тартуулады. Ошондой эле окуучулар “Манас” эпосунан үзүндү айтып, “Эсимде” аттуу композициядан лирикалык ноталарды жаңыртышты.
Жыйынтыгында кыргыз жергесинен барган таланттар 2016-жылы Мексикада өтө турган Дүйнөлүк Фольклориадага чакыруу алышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:25
2025-08-20
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Мэри

16.09.2015. 15:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен... Мурда "Жаш кыял", "Шаттык", "Таберик" сыяктуу ансамблдер көп барышчу эле, мындай фестивалдарга, аларда да тыныгуу болуп жаткан окшойт...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.