Кытайда жер титирөө болуп, 1700 үй кыйроого учурады

3-мартта Кытайдын Юньнань провинциясында жер титирөө болуп, көптөгөн имараттар кыйроого учурады. Аталган өлкөнүн маалымат булактары кабарлагандай, жер титирөөнүн күчү 5,5 баллга жеткен. Күтүүсүз кырсыктан 92 миң адам жабыр тартса, 1700дөй үй кыйрап калган. Аталган аймактагы электр жана суу менен камсыз кылуу тармагы да иштен чыккан. Белгилүү болгондой, кырсык болгон жерге мамлекет тарабынан 3 миң чатыр, төшөнчү жана жылуу кийимдер жеткирилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:13
2025-08-14

9:59
2025-08-14
16:59
2025-08-13

10:24
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.