Өмүрбек Бабанов: "Ташиевди тизмеден чыгаруу боюнча БШКнын чечими мыйзамсыз"
Өмүрбек Бабанов БШКнын Камчыбек Ташиевди депутаттыкка талапкерлердин катарынан алып салуу боюнча чечимин мыйзамсыз деп сыпаттады. Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов 28-сентябрда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, БШК “Республика-Ата Журт” партиясынын үнүн уккан жок. “Ташиевди тизмеден чыгаруу боюнча БШКнын чечими мыйзамсыз. Анын күнөөлүү же күнөөсүз экенин бир гана сот чечет”,- деди ал.
Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев 26-сентябрда пикир келишпестиктин айынан "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлүн сабап салганы жарыяланган. Факт боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү жүрүп жатканы айтылган эле. Бир күн мурун теледебатта Бабанов Ташиев эч кимди токмоктобогонун билдирип, бирок окуянын чоо-жайын так түшүндүрүп бере албай калган.
Камчыбек Ташиев: "БШКнын чечимин сотко бердик"
Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Мелис Маматкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
1
1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















