Бүгүн Бишкекте жансыз денеси табылган аял үй-жайсыз экени белгилүү болду
"Бүгүн Бишкекте жансыз денеси табылган аял үй-жайсыз экен". Бул тууралуу SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаев билдирди. Анын билдиришинче, каза болгон аял болжол менен 50-55 жаштарда. Учурда анын өздүгүн жана өлүмүнүн себебин аныктоого аракеттер көрүлүп жатат. Ошондой эле аялдын денесинде жаракат жок экенин белгиледи.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айта кетсек, ал аялдын сөөгү эртең мененки саат 09:00 чамасында Бишкектеги Жаш Гвардия жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен табылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
1
1
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















