Ысык-Ата районунун 32 жаштагы тургуну изделүүдө
Чүй облусунун Ысык-Ата
районунун 32 жаштагы тургуну изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Чүй
ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 1983-жылы туулган
Алиев Расим Асанович ушул жылдын 25-август күнү аталган райондун Красная-Речка
айылынан жумуштары менен Бишкекке кеткен боюнча кайтып келген эмес. Өзгөчө белгилери:
бою болжол менен 175 сантиметр, дене түзүлүшү орто, чачы кыска, сол бетинде
калы бар.
Ысык-Ата РИИБи изделип жаткан жаранды көргөн-билгендер (0701) 23-00-33, (03132) 5-21-47, (0312) 61-69-07 телефондоруна же милициянын жакынкы бөлүмдөрүнө кабарлоону өтүнөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















