№50-абактан качкан кылмышкерлер тууралуу маалымат үчүн УКМК 300 миң сом сыйлык жарыялады
Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич 1977-жылы Ош шаарында туулган. Улуту - кыргыз, буга чейин соттолгон. Бою 170-175 сантиметр. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.
Абдрахманов Эдил Алимжанович 1986-жылы Чүй облусунун Көк-Жар айылында туулган. Улуту -кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 160-165 сантиметр, көзү кара, чачы кара. Бир көзү жабыркаган. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.
Мусуралиев Азамат Мамасеитович 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес, үйлөнгөн. Бою 170-175 сантиметр. Дене түзүлүшү арык, көзү кара, чачы кара. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.
Кадыралиев Данияр Кылычбекович 1976-жылы Жумгал районунун Миң-Куш айылында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 170-175 сантиметр. Көзү кара, чачы кара.
Эгер бул адамдар жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, ЖАМК жана ИИМге төмөнкү телефон номурлары аркылуу кайрылыңыз. Анонимдүүлүк сакталат:
ЖАМКтын нөөмөт бөлүмү – (0312 66-04-75)
ЖАМКтын ишеним телефону – (0312) 62-65-04
ИИМдин нөөмөт бөлүмү - 66-23-31 же 102.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Эч кандай "Сый акысыз" эле неге ИНтерполго"кабарлашпайт,раз оздору табууга коздору жетпесе?? Ал сен жаным, менин комментиме жооп жазбай тема боюнча оз коз карашынды билдирууно каршы эмесмин. Катуу тийсе кечирим отуном?