Түрмөдө каза болгон Муратбек Жумалиевдин баласы: "Алмазбек Атамбаевич, атамдын сөөгүн бергилечи!"
Муратбек Жумалиев
Муратбек Жумалиев
Муратбек Жумалиевдин бир тууганы
Муратбек Жумалиевдин балдары
"Түрмөдө каза болгон Муратбек Жумалиев күнөөсүз камалган",- деди бүгүн, 22-октябрда маалымат жыйынында аталган жарандын бир тууганы Урмат Жумалиев.
Анын айтымында, Муратбек Жумалиев 2009-жылы Токмокто адам өлтүрүү боюнча айыпталып, камакка алынган. "Менин бир тууганым адам өлтүргөн эмес болчу. Ал таксист болуп иштечү, бирок кызыкдар адамдар Муратбекке күнөөнү тагып, абакка отургузушкан",- деди Урмат Жумалиев.
"Бизди жана адвокаттарыбызды сөөктү көрүүгө киргизбей жатышат. Мыйзамга таянып террорчулардын сөөктөрү жашыруун түрдө жерге берилет. Менин бир тууганым террорчу эмес болчу",- деди агасы.
Андан соң Муратбек Жумалиевдин уулу президентке кайрылып: "Алмазбек Атамбаевич, атам террорчу эмес, атамдын сөөгүн бергилечи!"- деп суранды.
"Баламдын ден соолугу мыкты болчу, ит сыяктуу өлтүрүп салышты"
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Максат Орозумбетов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
2
2

Супер-Инфо
super.kg видео

















Этика нормаларын сактаңыз!