super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз футболчуларынын Бангладеш менен оюнунда стадиондо дагы 70тей отургуч сынган (фоторепортаж)

 

Быйыл футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары Бишкекте 3 беттеш өткөрүштү. Улуттук курам алгач Австралияны кабыл алып, 2:1 эсебинде утулду. Андан кийин футболчуларыбыз тажик футболчулары менен 2:2 эсебинде тең ойношту. Акыркы беттеш Бангладешке каршы болуп, анда биздин пайдабызга 2:0 эсеби катталды. Бардык оюндарда Дөлөн Өмүрзаков стадиону күйөрмандарга жык толду.

Бир жаман жагы, бардык беттештер күйөрмандардын түрдүү жосунсуз жоруктары менен эсте калды. Мисалы, Австралияга каршы беттеште стадионго билетсиз күйөрмандар киришти, бирөө майданга чуркап чыкты. Мунун айынан КРнын Футбол федерациясын ФИФА (Эл аралык футбол федерациясы) 28 миң долларга айыпка жыкты. Тажикстан менен болгон беттеште бул каталар кайталанган жок, бирок оюнга чейин 2 миңге жакын отургуч жаңыртылганына карабастан, күйөрмандар 250 отургучту сындырып кетишкен.  "Бангладеш менен болгон оюн тынч өттү, мурункудай көрүнүштөр кайталанган жок" дегенибиз менен, бул оюнда да отургучтар сынган. Өздүк булактар кабарлашкандай, анда болжол менен 70тей отургуч сынган.

SUPER.KG порталынын кызматкерлери стадионго барып, андагы көрүнүш менен таанышып келишти. Ооба, сынган отургучтарды байкадык. Айрым жайларда отургучтар алынып салынган. Балким, Иорданияга каршы беттеште бул орундарга башка отургучтар коюлат деп болжодук. Сүрөттөргө көз салып, андагы көрүнүш менен сиз да таанышыңыз, окурман.  

Кошумчалай кетсек, Бангладешке каршы беттеш 13-октябрда орун алып, анда кыргыз футболчулары 2:0 эсебинде жеңишке жетишкен. Эсиңиздерде болсо, жеңиш алып келген голдорду Виталий Люкс жана Ильдар Амиров жараткан. Бул жеңиштен кийин 3 упайга ээ болгон улуттук курам упай катыштыгында 3-орунда ишенимдүү келе жатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(23)
25.10.2015. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эй кудай ынсап бере кор адамзатына :(
25.10.2015. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Өзү эскирип калган столдор экенгоо эсекини эптегиче эсин кетет деп кеот, жаңысын алгыла жей бербей
25.10.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эски деп эле сындыра бериш керекпи?
25.10.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кобун эле детский горошок жасаган окшойт ордуларынан тургусу келбей
25.10.2015. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кунго куйуп чирип калган окшойт,бир секирип отурганда кирип кетиптирда))))
Модератор admin_portal түзөттү 2015-10-26 13:16:14
25.10.2015. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кунго какталып эле турса желимдин деле сапаты кетет экен,аларды атайылап сындырган жок. Кичине эле урунса сынып калат экеню Ошондуктан,стадиондун устун жапса сонун болмок да. Кырыгыз футболчуларына ийгилик!!!
25.10.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тез тез футбол болсо баары талкаланып,жаны аянт куруп беришебилееее...
25.10.2015. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Менимче бул жерде адаттан тыш эч нерсе деле жок, отургучтар эскирип калганы байкалып турат. Биздин команда гол киргизгенде көбү отургучтун үстүнө чыгып кетет ошондо сынса керек)) Голдор кире берсин, отургучтар сына берсин :D
25.10.2015. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эскилиги жетип калыптырго озу...
25.10.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арзан баадагы сабатсыз талапка жооп бербейтурган отургучтар.
25.10.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тамтыгы чыгып калган столдорунун озу эле кайсы бети менен ондодук дешип жатат.мен билгенден заборду эле тосушуптур.отургучтары олтурсан жамбашына жабышып чыгат ото бош
25.10.2015. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эскини ондогуча эсин кетет дечу беле.
25.10.2015. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Столдор кунго какшып куйуп, жамгырда калып сыныватат,анын устун жабыш керек, элестетсенер 40градус ысыкта турат, желим сынбаганда мен сынамбы! Биринчи устун жапкыла жондон жон эле элди кунолобой.
25.10.2015. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Андай стольду жаны койсо да сынат ал жон еле каучук екенго
25.10.2015. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Быйылча футболдук таймаш буткучо стадионду колдон келишинче карайт.Анан дагы бир кыйла жыл унутта калат кийинки футболдук чемпионатка тандап алуу туру болгуча.Озу бизге эмне жагат ия?
25.10.2015. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Демек 70 тей ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-10-26 13:17:04
25.10.2015. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
uz.nookat, ХХХ ХХХ ХХХ... Отургучтар эскерип калган.. Кыргыздар ошондой бийик күйөрман болушат. Гол киргенде секире коюуп сындырып алса керек да..
Модератор admin_portal түзөттү 2015-10-26 13:18:03
26.10.2015. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdyrashit.Satylganov - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
26.10.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uz.nookat - эскертүү!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
25.10.2015. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Депутаттардыкындай 120 кг. которо турган отургучтарды коюш керек экен. Эскилери озу эле кунго куюп калган турбайбы.
25.10.2015. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ээ эскирип калган столдору эл балта мн сындырат беле.Бетке эле айтсанар болот эле жанылап бергиле эарабай калжы деп
26.10.2015. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул турулуу иш го, чыгаша болбосо киреше да боло бербейт.
26.10.2015. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул желим ысык суука касествосун жоготот ошого сындыда өңү да өчкөнү көрүнүп туратго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: