super.kg logo

Ош аэропорту саат 17:00гө чейин жабылды

 

Ош аэропорту бүгүн саат 17:00гө чейин жабылды. Аэропорттун маалымат кызматынан SUPER.KG порталына билдиришкендей, мындай чечим бүгүнкү учак кырсыгына жана аба ырайынын начардыгына байланыштуу кабыл алынды.
"Аэропорт алгач 10:00гө чейин жабылган, кийин 17:00гө чейин жабууга туура келди. Андан кийин кабыл алуу жана узатуу иштери улантылат"
,- деди маалымат кызматынын өкүлү. Ал эми учурда аталган аэропортто учак кырсыгынын себеби иликтенүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн, 22-ноябрда таңкы саат 7:56 чамасында 148 жүргүнчүсү менен Орусиянын Красноярск шаарынан Ошко сапар алган учак конуу учурунда тилкеден чыгып кетип кырсыкка кабылды. Учакта жалпы 148 жүргүнчү жана экипаждын 5 мүчөсү бар болгон.
Маалыматтарга караганда, бир жүргүнчү жана бир экипаж мүчөсү жеңил жаракат алган. Ал эми учактын сол канаты жана дөңгөлөктөрү сынган. Учак Орусиянын Красноярск шаарынан Ошко келип эки ирет конууга аракет кылган, бирок аба ырайынын начардыгынан улам Бишкектеги "Манас" аэропортуна конууга аргасыз болгон. Кайра 7:00 чамасында Ошко сапар алган.






Оштун аэропортунда кырсыкка кабылган учактын видеосу жана уча албай турган жүргүнчүлөр

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.11.2015. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудай сактасын,акыркы мезгилдеги окуялар журоктун ушун алдыы(((.Аллахым тынчтыгын берсин.
22.11.2015. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жараткан озу сактасын пенделерин,кырсыктан алыс болойлу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: