Тажикстандын аймагында 6 баллга жеткен жер силкинүү катталып, Нура, Бор-Дөбө, Эркеч-Там айылдарында 3 баллга сезилди
Тажикстандын аймагында кайрадан жер титирөө катталып, силкинүү күчү очогунда 6 баллга жеткенин Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунан 8-декабрда билдиришти. Маалыматка таянсак, 7-декабрь күнү саат 21:23тө жер титирөө Тажикстандын аймагында катталып, Бор-Дөбө айылынан түштүк-батышка карай 90 чакырым, Нура айылынан түштүк-батышка карай 120 чакырым алыстыкта жайгашкан. Силкинүү Нура, Бор-Дөбө, Эркеч-Там айылдарында 3 балл болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















