Кримавторитет Болот Маматовдун өлүмүнө шектүү жаран 2 айга камакка алынды
Жалал-Абад шаарында кримавторитет Болот Маматовдун өлүмүнө шектелип 10-мартта кармалган 1984-жылы туулган Т.А. аттуу жаран 12-мартта Жалал-Абад шаардык соту тарабынан убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Тергөөдө кылмышка шектүү жаран кримавторитетти өлтүрүү үчүн 28-февралда Орусиядан келгендиги жана ага Сузак районунун 27 жаштагы А.Р. аттуу тургуну жардам бергендиги аныкталды. Эскерте кетсек, Болот Маматов Жалал-Абад шаарында 5-мартта атып өлтүрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
Jim
13.03.2013. 17:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Крим-авторитет деген эмне? Бул криминалдуу иштерди жасап, адам олтуруп, башка бироонун бизнестерин "крышалап", акча ондуруп, банги заттар менен иштеп, айтор мыйзамга каршы иштерди жасашат. Анан ИИМ крим-авторитетти олтургон криминалды издеп, шектуу деп кармалды деп. ИИМдин иш-аракети ото тушунуксуз, бул мамлекеттик кызматкерди, же белгилу инсанды олтуруп кеткенсип, шектуулорду издегени, таптык деп жарыя кылганы, ото танкалыштуу!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















