Темир Сариев: "Мамлекеттик ипотекалык компания насыя берүүгө 2016-жылы 7 миллиард сом жумшайт"
Премьер-министр Темир Сариев Мамлекеттик ипотекалык компания насыя берүүнү 2016-жылдын 15-январынан баштай турганын айтты. Муну Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында 2016-жылдын бюджети боюнча баяндама жасап жатканда билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, ипотекалык компания насыяны 12,14 пайыздан 15 жылга берет.
Андан кийин өкмөт башчы облустук жана райондук ички жолдорду оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн өкмөт каражат издей турганын кошумчалады. "Ош шаарына 2016-жылга деп 180 миллион сом бөлүп бердик. Буга шаардын ички жолдору оңдолот. Ички жолдор жасалбагандыктан, шаар тургундары бушайман болуп жатышат. Ал эми облустардын, райондордун ички жолдорун оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн акча издейбиз",- деди Сариев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:39
2025-11-25
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















