Бишкекте интернет аркылуу спайс саткан жигит кармалды. Ал 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн (фото)
Бишкекте спайс саткан жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын (БКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-декабрда шаардын Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде БКМКнын кызматкерлери 1987-жылы Чүй облусунда туулган жаранды кармашкан. "Ал интернеттеги социалдык тармактар аркылуу психотроптук заттарды сатып жүргөнү аныкталган. Текшерүүдө анын жанынан жалпысынан 4 грамм 540 миллиграмм спайс табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган адам 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
-1
-1

Супер-Инфо
super.kg видео


















Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!